
Адилет
Ачык палубалар жана жээк боюнча күндүзгү сейил
«Адилет» — ачык палубалары менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгин бойлото динамикалуу сейилдөөлөргө ылайыктуу теплоход. Борттон сууга түшүү, салкын шамал жана кеңдик — компаниялар жана үй-бүлөлөр үчүн активдүү эс алуу.

Борттогу эрежелер жана коопсуздук
Урматтуу конактар! «Адилет» теплоходунун капитаны жана командасы сиздерди Тянь-Шандын берметинин — Ысык-Көлдүн толкундарында тосуп алууга кубанычта. Бортто ашпозчубуздан даамдуу тамактар менен десерттер, ошондой эле кеӊ ассортименттеги суусундуктары бар бар кызматын сунуштайбыз.
Ата-энелерге өзгөчө өтүнүч: жаш балдарды кыска убакытка да көзөмөлсүз калтырбаңыз.
Ысык-Көлдүн тазалыгы үчүн борттон тамеки калдыктарын, майлыктарды, бөтөлкөлөрдү жана башка таштандыларды ыргытпаңыз.
Жеке буюмдарыңызга кылдаттык кылыңыз. Көзөмөлсүз калтырылган баалуу буюмдар үчүн администрация жана кызматкерлер жооп бербейт.
Сизге жыргал эс алуу, жаркын таасирлер жана «Адилет» теплоходундагы унутулгус саякатты каалайбыз!
- өзүң менен тамак-аш, алкоголдук жана салкын суусундуктарды алып келүү;
- күнкараза, дарбыз, ашкабак жана кемени булгай турган башка мөмө-жемиш, жашылчаларды алып келүү;
- ит, башка жаныбарларды жана канаттууларды алып келүү.
- кеме толук байланганга жана трап коюлганга чейин бортко чыгуу же түшүү;
- ок атуучу жана суук курал, ошондой эле жарылуучу, ууландыруучу жана тез күйүүчү заттарды алып кирүү;
- куткаруу жилети жок жана мас абалда сууга түшүү;
- кеменин борттору, тосмолору жана тепкичтеринен сууга секирүү;
- тосмолорго, тутка жана терезе кырларына туруу же отуруу;
- жайларда жана атайын урналар жок жерлерде тамеки тартуу;
- экипаждын уруксатысыз кызматтык жайларга кирүү.